• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Гульнура Торалиева КР Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Торалиева Гульнура Тынчтыкбековна Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Гульнура Торалиева Бишкек шаарында 1984-жылы 8-июнда төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факутльтетин, 2010-жылы Улуу Британиядагы эң алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири Лондон Сити Университетинин (City University London) журналистика факультетин аяктап, 2013-жылы РФ илимдер Академиясынан филология илимдеринин кандидаты илимий наамын алган.

Эмгек жолун 2003-жылы согуш жана тынчтыкта чагылдыруучу институтта аналитик болуудан баштаган. Андан соң, 2006-2008-жылдары Коомдук саясат институтунун программалык директору болуп, сөз эркиндиги, укук, мамлекеттик башкаруу сыяктуу эл аралык донорлор тарабынан каржыланган ЖМК боюнча 25 ашык долбоорлорду жетектеген.

Мамлекеттик кызматкерлер, журналисттер, студенттер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө 300дөн ашык билим берүү семинарларын өткөргөн.

2008-2009-жылдары Би-Би-Си (BBC) Дүйнөлүк фондунун программалык директору болуп иштеген.

2010-2012-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинде «Журналистика жана массалык коммуникация» факультетин жетектеген.

2012-2016-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинде «Журналистика жана массалык коммуникация» факультетинде улуу окуутуучу болуп эмгектенген.

2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин стратегиялык байланыш жаатындагы мамлекеттик кызматкерлердин дараметин жогорулатуу, ошондой эле коомчулук менен байланышуу боюнча консультанты болуп иштеген.

2014-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2015-жылы аткаруучу директорлук кызматта ЖККУнун Академиясын жетектеген. Акыркы жылдары Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, ЮСАИД, ПРООНдун эл аралык консультанты болуп иштеген. 500дөн ашык илимий жана журналисттик публикациялардын, журналистика жана коомчулук менен байланыш боюнча окуу маалымдамаларынын автору.

КР Премьер-министрдин кеңешчиси кызматында Гульнура Торалиева КР Өкмөтүнүн маалыматтык саясатын «Ачык маалыматтар», «Ачык Өкмөт», программаларынын ишке ашуусун көзөмөлдөп, мамлекеттик кызматкерлердин ачык ишин камсыз кылууда эл аралык уюмдар, байкоочулар, кеңешчилер менен иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий