• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ГУМ соода борборунда табылган баштыктын ичинде кыям болгон - милиция

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы ГУМ соода борборунда табылган кара баштыктын ичинде кыям салынган идиш болгон. Бул туураалуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Шаардык милициясынан билдиришкендей, кыям салынган кара баштыкты соода борборундагы банктын филиалына келген Н.Д. аттуу жаран калтырып кеткен.

Учурда соода борбору ачылып, толук кандуу иштеп жатат.

Эскерте кетсек, бүгүн “102” кызматына ГУМ соода борборунда күмөндүү баштык табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери соода борборуна келип, анын имараты курчоого алынып, кишилер сыртка чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий