• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ГУМда шектүү баштык табылгандыктан адамдар эвакуацияланды – видео

Коом 0


Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Бишкектеги ГУМ соода борборунда шектүү баштык табылды.

Ички иштер башкы башкармалыгынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, "102" кызматына соода борбордо шектүү баштык табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук милициясынын ыкчам тобу дароо жөнөп кеткен.

"Соода борборунда көрсөтмө боюнча иш жүрүп жатат. Имарат курчоого алынып, коопсуздук үчүн адамдар эвакуацияланды", - деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМКнын кызматкерлери жеринде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий