• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Гумжардамды ташып жаткан унааларга атайын уруксат кагаздары иштелип чыкты — Солтонбекова

Коом 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенге гуманитардык жардамды ташып жаткан унааларга атайын уруксат кагаздары иштелип чыкты. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, уруксат кагаздарында мамлекеттик органдардын мөөрү болот.

“Анда жөнөтүп жаткан адамдын колу, айдоочунун аты-жөнү жазылат. Ошондой эле унаада канча көлөмдө эмне бар экендиги көрсөтүлөт. Алардын баары электрондук түрдө эрте эле Баткенге жөнөтүлөт. Баткенге жүк келгенде аны кайра түшүрүп, жүктөп отурбай ӨКМ кызматкерлери кайсы аймакка тиешелүү жардам керек болсо, унааны ошол дарекке дароо жөнөтөт”, - дейт ал.

Солтонбекова "Баткенге жардам" кайрымдуулук штабы тарабынан Баткен облусуна 65 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий