• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын президентин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Жеңиш майрамы — адамзатынын тынчтыкка, достукка жана боордоштукка, гуманизм менен жакшылыктын салтанатына болгон каалоосун чагылдырган улуу окуя.

Бул даңктуу мааракени белгилеп жатып, айыгышкан салгылашууларда кайраттуулук жана эрдикти көрсөткөн биздин каармандарыбызды өзгөчө сыймыктануу менен эскерип, келечек муундардын бейпил жашоосу үчүн Улуу Жеңишти кураган ооруктун эмгекчилерине ыраазычылык билдиребиз. Алардын эбегейсиз эрдиги кылымдар бою өчпөйт жана дайыма биздин эсибизде сакталат.

Согуш жылдарынын катаал сыноолорунан өткөн элдерибиздин ортосундагы достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн даңктуу салттары мындан ары да мамлекеттерибиздин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого бекем негиз болуп берет деп ишенем.

Бул маанилүү күндө Сизге жана өлкөдөгү Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине бекем ден соолук, бакыт жана узун өмүр, ал эми боордош кыргыз элине — тынчтык, бакыбатуулук жана өсүп-өнүгүүнү каалаймын», — деп айтылат Түркмөнстандын президентинин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий