• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Путинге Орусиядагы тик учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 05.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий