• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Honda-Fit унаасы Бишкек-Кара-Балта жолунда даракты сүзүп, айдоочусу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Honda-Fit үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Кара-Балта жолунун 65-чакырымында даракты сүзүп, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыгы Панфилов районунда болгон. Маалыматта айтылгандай, 31 жаштагы айдоочу унаасын башкара албай, жолдун четиндеги даракты барып сүзгөн. Айдоочу алган жарааттарынан улам окуя болгон жерден көз жумган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын орто эсеп менен 3 адам каза болуп, 20 жакыны жарат алышат.

Пикир

Оставить комментарий