• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

HRW уюму Казакстанды COVID-19дан жабыркагандарга экономикалык жардамды көбөйтүүгө чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Эл аралык укук коргоочу “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму Казакстан өкмөтүн жүз миңдеген адамды жакырчылыктан сактап калуу үчүн COVID-19 пандемиясынан жабыркагандарга экономикалык жардамды көбөйтүүгө чакырды.

18-августта тараткан билдирүүдө уюм пандемия Казакстандагы теңсиздикти тереңдетип, социалдык коргоо системасынын алсыз жактарын көрсөтүп койгонун жазат.

Казакстан пандемия маалында жарандарга акчалай жардам көрсөткөн Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет.

Бирок өлкөдө көп жарандар коронавирус кризисине чейин эле жакырчылыкка кабылгандыктан өкмөт көбүрөөк аракет көрүшү керек экени баяндамада белгиленген.

Коронавирус март айында Казакстанда жаңы катталганда президент Касым-Жомарт Токаев саламаттык сактоо системасын колдоо, жумушсуздарга акчалай жардам көрсөтүү жана бизнести экономикалык кесепттерден сактоо үчүн өкмөт 10 миллиард доллар каражат бөлгөнүн билдирген.

Ошондой эле бийлик кирешеси аз үй-бүлөлөргө жана майыптарга азык-түлүктөрдү таратып, апрель-май айларына карата коммуналдык төлөмдөрдү азайткан.

Дүйнөлүк Банктын эсебинде, Казакстанда 2020-жылы жакырчылык деңгээли боолголонгон 8,3 пайыздан 12,7% чейин жогорулайт жана 800 миңдей киши жакырчылыкка кабылат.

18-августка карата Казакстанда 103,3 миңден көп киши коронавируска кабылды, 1260тан ашуун адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий