• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Human Rights Watch: Тажикстанда адам укугу боюнча абал начарлады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.01.19 /Кабар/. Эл аралык Human Rights Watch уюму 17-январда жарыялаган Дүйнөлүк баяндамасында 2018-жылы Тажикстанда адам укуктарынын абалы мурдагыдан да начарлап кеткенин белгилеген.

Баяндаманын авторлору айрым журналисттер, оппозиционерлер жана алардын туугандары саясий себептерден улам кармалып, узак мөөнөткө камалганын мисал келтиришкен. Тажикстанда өкмөттү сындаган социалдык түйүндүн колдонуучуларынын дагы сөз эркиндиги чектелгени айтылган. Укук коргоочулар кумсалардын, ЛГБТ өкүлдөрүнүн атайын тизмесинин түзүлгөнүнө кабатыр болушууда.

​Human Rights Watch уюму Тажикстан “Ислам кайра жаралуу партиясы” чет өлкөлүк велотуристтердин өлүмүнөн кийин өзгөчө кысымга кабылганын белгилеген:

– Чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Ага карабай тажик өкмөтү теракт үчүн далилсиз түрдө “Ислам кайра жаралуу партиясын” күнөөлөгөн.

Мындан тышкары баяндамачылар популярдуу социалдык түйүндөр жана маалымат сайттары, анын ичинде “Фейсбук”, “Ютуб”, “Эркин Европа/Азаттык радиосу маал-маалы менен жабылып калып жатканына тынчсызданышкан.

Human Rights Watch уюму Тажикстан өкмөтү дин тутуу эркиндигин да катуу чектеп жатканын – хиджапка, узун сакал өстүрүүгө тыюу салынганын белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий