• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИӨБ Кыргызстандын өлкө аймагында адал эт паркын куруу демилгесин колдоого алды

Коом 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды.

Баяндамачынын айтымында, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык процесстерди эске албаган мини-цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу.

“Ошондон улам, мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда министрлик Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап халал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишти”, - дейт экономика министри Санжар Мукамбетов.

Ошентип, келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Талкуу жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов фермерлердин өндүргөн этинин экспортко чыгуусуна көмөктөшүү зарылдыгын белгилесе, депутат Төрөбай Зулпукаров азыркы учурда адал стандарттары дүйнөлүк деӊгээлге чыкканын, андан Кыргызстан да четте калбышы керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Ислам өнүктүрүү банкы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин, бул долбоорду ишке ашыруу багытында 10 млн долларга чейин каражат бөлүүгө даяр экени белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий