• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча аялдарга 393 коргоо ордери берилген

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча аялдарга 393 коргоо ордери берилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМ коомдук коопсуздук кызматы бөлүмүнүн башчысы Улан Рысбеков билдирди.

Ал белгилегендей, коргоо ордери зомбулук көрсөткөн адамга берилет. Былтыр үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 6 миң 145 коргоо ордери берилсе, анын 5 миң 752си аялдарына зомбулук көрсөткөн эркектерге берилген. Ал эми аялдарга 393 коргоо ордери берилген.

"Аялдар тарабынан зомбулук көрсөтүү да болууда. Күйөөсүнө кол көтөргөндөр, кайын ата же кайын энесин эшикке чыгарып койгондор болгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий