• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган мыйзам долбоору талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Демилгечи депутат Исхак Пирматов мыйзам долбоору үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкканын белгилеп: “Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-76-беренелерин коомдук айыптоо иштердин категориясына киргизүү сунушталууда. Бул учурда укук коргоо органдары, жабырлануучудан арыз түшкөн-түшпөгөндүгүнө карабай, ар кандай булактардан (кошуналар, тууган-туушкандар ж.б.) алынган билдирүүлөрдүн негизинде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыра алышат”, – деди.

Андан тышкары, мыйзам долбоору менен Жазык кодексин 179-1-берене менен толуктоо сунушталат, анда өмүр үчүн коркунучсуз жана ушул кодекстин 138-беренесинде каралган кесепеттерди алып келбеген менен ден соолукка зыян жараткан, бирок убакытка эмгекке жөндөмдүүлүгүн үчтөн биринен кем эмес олуттуу түрдө туруктуу жоготууну чакырган убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузгандыгы үчүн беш жылдан тартып жети жыл алты айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчилик жана жаза белгиленет.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий