• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизип, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Кыргызстанда жашы жетелек кыздарды ала качуу өнөкөтү күчөөдө. Биз мындай жосунду токтотушубуз керек. Дегеле, жаш балдарга карата зомбулук менен зордуктоо фрактылары боюнча козголгон кылмыш иштерин экинчи тараптын арызынын негизинде жаап салынышына жол бербөөгө тийишпиз. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова «Кыздардын укуктарын коргойбуз – эрте никеге жол бербейбиз» темасына арналган конференциянын жүрүшүндө билдирди.

«Эрезеге жетелек кыздар психологиялык жактан да, физикалык жактан да турмуш курууга даяр эмес. Ошондон улам, ден-соолугу чектелген балдар төрөлүүдө. Карагылачы, балдар үйлөрү майып балдарга толуп кетти. Эгерде балдарга көрсөтүлгөн зомбулукка байланыштуу кылмыш иштери жабылып кала берсе, анда андай зомбулуктар улана берет. Ошондуктан, Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизип, ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл», - дейт эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий