• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үй-бүлөлүк бюджетти сарамжал колдонууга кеңештер

Дүр дүйнө 0

Окумуштуулардын айтуусунда адамдар майда барат нерселерге чоң каражаттарды сарпташат. Албетте алар көзгө көрүнбөгөн, маанилүү эмес нерсе сезилиши мүмкүн бирок негедир айлыгыбызды чогултмак ары турсун айдын аягында карыз суроого мажбур болуп калабыз. Өзүңүздүн жашооңуз эске түштүбү? Анда төмөнкү кеңештерге көңүл буруп, аткарып көрүңүз, балким көптөн бери кыялданган нерсеңизге акча топтоого жетишерсиз.

Ар кандай жагдайларда сарамжал болуунун жолдору:

Дүкөнгө сапар

1.Соода-сатык жерлерге барганда (өзгөчө базарга) кереги жок, майда-барат нерселерди алып алуу коркунучу чоң. Ошон үчүн соода кылууда ар дайым кол алдыңызда керектүү нерселердин тизмеси болуусу абзел. Тизмени бет алдыңызга кармап, анда жок нерсени сатып албаңыз. Үйдө бир нерсе түгөнгөндө дароо телефонуңузга же муздаткычка илинген баракка жазып туруңуз.

2.Дүкөнгө ач карын барбаңыз, болбосо керектүүдөн ашыкча нерсе сатып аласыз.

3.Базарга же чоң дүкөндөргө барууда жаныңызга баштык алып алыңыз, ар убак жаңысын сатып алуу ашыкча чыгым болот.

4.Айлык-акы алган күнү соода кылбай койгон оң. Психологдордун айтымында, адам акча алганда жайбаракат болуп, ашыкча нерселерди алып алышы мүмкүн.

5.Эт жана жер жемиштерди көптөн алып өзүңүз бөлүктөргө бөлүп муздаткычка тоңдүрүп койсоңуз арзан болот.

6.Бат бузулуучу азыктарды кечки убакта алган оң, кечинде сатып түгөтүү максатында дүкөндөрдө скидка болот, ал эми базардагы соодагерлерде “кечки базар” режими ишке кирет.

7.Супермаркеттердеги акциялар тууралуу баракчаларды дароо ыргытпаңыз, бул керектүү нерсеңизди акция болгон күндөрү алганга жардам берет.

8.Бир нерсени алам же албайм деп чече албай жатсаңыз бул ишти кийинки күнгө калтырыңыз. Эгер эртеси ал нерсени дагы эле алгыңыз келип турса гана сатып алсаңыз болот.

9.Белгилүү болгондой ар бир товардын дүң баасы арзан болот. Буну эске алып, күнүмдүк колдонуулуучу каражаттарды (кир жуучу айна, самын, идиш-аяк жуучу заттар ж.б.) досторуңуз менен чогулуп дүң баада алсаңыз көзгө көрүнөөрлүк каражатты сарамжалдоого мүмкүн болот.

10.Өзүңүздү дүкөнгө аз каттоого үйрөтүңүз. Бир жумалык план түзүп, керектелүүчү азыктардын тизмесин даярдаңыз да бир жолу барып баарын сатып алыңыз.

Тамак даярдоо

1.Тамакты өзүңүз даярдаганыңыз оң. Кыям кайнатып, тамактын даамын чыгаруучу соустарды даярдагыла, котлет, пельмень аттууларды өз колуңуз менен жасап, муздаткычка тоңдуруп коюңуз. Дүкөндөн алган жарым фабрикаттар кымбатка да түшөт, пайдасынан зыяны да көп.

2.Тамакты абдан көп жасабаңыз. Эң көп дегенде эки күнгө жетсе жетиштүү болот. Болбосо ал тамактан тажап, “таттуу” жегиңиз келип дүкөнгө сапар аласыз.

3.Кафе-ресторанга баруунун ордуна досторуңуз менен үйдөн жолугушкула. Ар бир отурушта ар бириңиз бирден жакшы көргөн тамагын жасап келет деп сүйлөшүп алыңыз. Бул коноктоп жаткан үй ээсине да жардам болот, ортоңордогу карым-катнаштын бекемделишине да себеп боло алат.

4.Дача жашоочуларынын “хюгге-кеңешин” колдонуңуз – үйүңүзгө келген коноктор кыям (варенье), туздалган бадыраң же салат сыяктуу колго даярдалган азыктарды алып келишсин. Бул жоолук же кийилбеген калпактан пайдалуурак нерсе.

Айсулуу Кабылбекова

Пикир

Оставить комментарий