• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үй-бүлөлүк дарыгерлердин орточо айлык маянасы 21,7 миң сомго чейин көтөрүлгөн

Ден соолук 0

Бишкек, 18.05.19. /Кабар/. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин орточо айлык маянасы 21 миң 712 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын октябрь айынан тарта өкмөттүн токтомунун негизинде үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана жалпы практикадагы дарыгерлерге негизги айлыгына кошумча катары аткарган жумуштарына жараша кошумча айлык төлөнүүдө.

“100%ды аткарганы үчүн төлөм нормативи индикатор боюнча 16 миң 894 сомду түзөт. 2018-жылдын октябрь айынан тарта жыйынтык индикатору боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге 165,5 млн.сом өлчөмүндөгү каражат төлөнгөн. Алардын ичинен Бишкек – 34,7 млн. сом, Чүй облусу – 30,9 млн. сом, Ош облусу – 35,9 млн. сом, Баткен облусу – 12,9 млн. сом, Жалал-Абад облусу – 23,4 млн. сом, Ысык-Көл облусу – 13,4 млн. сом, Нарын облусу – 8,9 млн. сом,Талас облусу – 5,4 млн. сом”, - дейт Боронбаева.

Ал белгилегендей, үй-бүлөлүк дарыгердин айлыгы баардык кошумчалар менен 11 миң 135 сомду түзүп, жыйынтык индикатору боюнча кошумча 10 миң 712 сом кошулуп, жыйынтыгында орточо бир айлык маяна 21 миң 712 сомго чейин жогорулаган.

“Ошондой эле келген үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны 1миң 394төн 1 миң 691 чейин көбөйгөн. Башкача айтканда үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны 297 адамга көбөйгөн”, - дейт фонддун төрайымы.

Пикир

Оставить комментарий