• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үй-бүлөлүк маселеден улам тажикстандык аял өз жанын кыюуга аракет жасады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Тажикстанда Яван шаарынын тургуну Хосият Шарифова майдын башында өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган. Ал Сарыкамыш дарыясына барып секирген, анын артынан үч жашар баласы да сууга боюн таштаган.

«Баары күтүүсүздөн болду. Көңүлүм чөгүп кеткен, муну абалдан чыгуунун жалгыз жолу деп эсептедим. Телефонумду кызыма берип, дарыяга боюмду таштадым. Бирок жанымда үч жашар баламды көрүп, үрөйүм учту. Аны сактап калгым келди, суудан чыгарайын дедим. Андан аркысы эсимде жок»,- деди ал

Эне-баланы окуя болгон күнү ошол чөлкөмдө жүргөн жергиликтүү жашоочу Халим Кодиров куткарган.

«Мен үйгө келатып, апам чөгүп баратат деп ыйлаган кызды көрдүм. Дарыяга секирип, алгач баланы анан апасын куткардым. Аял эс-учун жоготуп коюптур, өзүнө келгенге жардам бердим», - деди куткаруучу.

30 жаштагы Хосият Шарифова мындай кадамга үй-бүлөгө карамы жок, чет өлкөдө иштеп жүргөн күйөөсүнө, кайын-журтуна каршылык билдирүү максатында барганын билдирди.

«Күйөөм Орусияда иштеп жүрөт. Кайненем жана кайын сиңдилерим жаман мамиле жасашат. Мени каралоо үчүн ар кандай шылтоо табышат. Күйөөм акча салбайт. Акыркы жолу жолугушканда мындан ары мени менен жашагысы келбей калганын айтты. Ошентип, мени үйдөн чыгарып коюшту», - деди Хосият.

Хосият Шарифовдун күйөөсү Шодмон Ражабов аялы менен ыркы келишпей ажырашканын, балдарына болсо дайыма акча жөнөтүп турарын айтты.

Суицид аракети боюнча фактыны Яван шаардык прокуратурасы иликтөөдө. Үч жума ооруканада жатып чыккан Хосият азыр убактысын балдары менен өткөрүүдө. Өзүнө кол салууну көздөгөн аялга психосоциалдык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий