• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үй-бүлөлүк медайымдардын маянасы 1-октябрдан тарта 15 пайызга өстү – ССМ

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик акушердик пункттун орто медициналык персоналынын айлык акылары 1-октябрдан тарта 15 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, медайымдардын негизги маянасы 4 миң 300 сомду түзөт.

“Тажрыйбасы жок дарыгерлер үчүн жана 30 жылдан көп тажрыйбасы бар медайымдарга кошумча төлөм 20 пайызды түзөт. 30 жылга чейин тажрыйбасы бар дарыгерлер 30 пайыз кошумча төлөм алышат. Тажрыйбасы жок медициналык персоналга 10 пайыз, орточо тажрыйбасы барларга 30 пайыз, чоң тажрыйбага ээ дарыгерлерге 50 пайыз кошумча берилет. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге кошумча төлөм кепилденген айлык акыдан 15 пайызды түзөт – 645 сом”, - деди ал.

Министрдин айтымында, жыйынтыгында кепилденген айлык акы эң көп тажрыйбасы бар дарыгерлерге 11 миң 933 сом, орточо тажрыйбага ээ дарыгерлерге 8 миң 815 сом, минималдуу тажрыйбасы бар дарыгерлерге 7 миң 525 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий