• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө кызуу жүрүүдө. Санитардык нормалар толук сакталган

Ден соолук 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Республикалык эмдөө борбору жыл соңуна чейин пландык иш-чаралардын 90 пайыздан көбүн ишке ашырууга белсенүүдө. Бул тууралуу мекеменин директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тиешелүү санитардык нормаларды сактоо жолу менен эмдөө иштери кызуу жүрүүдө.

“Республикалык эмдөө борбору тарабынан үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жашыл коридорлор уюштурулган. Эмдөөгө келгендердин дене табы аралыктан өлчөнүп, колдору антисептик менен тазаланган соң эмдөө бөлмөсүнө кое берилүүдө. Муну менен бирге эмдөөгө чейин жана эмдөөдөн кийин 30 мүнөт аралыгында ар бир баланын саламаттыгына дыкат медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат”, - дейт Республикалык эмдөө борборунун директору.

Кыргызстанда эмдөө иштери улуттук календардык планга ылайык акысыз жүргүзүлөт.

“Эгер өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу өзүңүзгө же чүрпөңүзгө эмдөө жасалбай калса, жашаган дарегиңиз боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна алдын ала жазылган соң кайрылсаңыз болот. Себеби өлкөдөгү эпидемиологиялык абал турукташканына карабай саламаттык сактоо уюмдарында социалдык аралык сакталышы талап”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий