• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан көп учурда жаш балдар, аялдар жана майыптар жабыр тартышат

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Бишкекте “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоодо укуктук координация механизмдер жана субъектер арасындагы өз ара аракеттенүү” аттуу тегерек үстөл өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган иш-чарада министрликтин гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Роза Бекматова үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке киргизүү максатында, укуктук-ченемдик актыларды иштеп чыгуучу ведомство аралык жумушчу топтун аткарган ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды. Ошондой эле жыйындын катышуучулары үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын укуктарын кеңейтүү жана коргоодо натыйжалуу жана биргеликте кадам таштоо боюнча эл аралык тажрыйбалар менен таанышып чыгышты.

Министрликтен белгилегендей, ар кандай сурамжылоо жана изилдөөлөр көрсөткөндөй үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көп учурда калктын аярлуу катмарында жашаган үй-бүлөлөр дуушар болот. Алар: жаш балдар, аялдар, карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Изилдөөлөр зордук-зомбулукка кабылгандардын 97%ы аялдар, 30% - жаш балдар экендигин көрсөткөн. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 71%ы үй-бүлөлөрдө кары-картаңдарга карата зомбулук бар экендигин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий