• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үй-бүлөнү бекемдөө максатында айымдарга атайын лекция окулууда

Коом 0

Бишкек, 16.11.17./Кабар/. Үй -бүлөнү бекемдөө максатында айымдарга атайын лекция окулууда,-деп билдиришти КМДБнын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында үй-бүлөнү бекемдөө максатында аялдар үчүн атайын лекциялар окулууда.

“Иш-чарага психологдор, дин кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышып, шарияттагы үй-бүлө маселеси, жаштар арасындагы ажырашууну азайытуу жана балдарды тарбиялоо темаларындагы бир катар маалыматтар айтылууда”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш чара Кызыл-Кыя шаардык хатибияты жана “Адеп башаты” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий