• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үй-бүлөнүн бекемдигин сактоо үчүн эмне кылуу керек?

Дүр дүйнө 0

Турмуш куруу - бул биздин жашообуздагы эң чоң кадам. Ошол жолду жаныңыздагы жолдошуңуз менен чогуу басып өтөсүз. Бул жол биздин оюбузга келбегендей алтын күндөр менен коштолуп, ошондой эле күтүлбөгөн жерден тагдыр сыноолоруна кабылабыз . Эң негизгиси кандай кыйынчылыктар болсо дагы үй-бүлөнү бекем кармап калуу негизги милдет болуп саналат. Өмүрдө бактылуу үй-бүлө куруунун сырлары эң жөнөкөй тепкичтерден турат. Эң негизгиси чыдамкайлыкты талап кылат. Үйдө кандай жагдай болбосун сабырдуулук менен оор күндөрдүн артында жакшы күндөр күтүп турганын унутпашыбыз керек. Төмөндө сиздер менен бактылуу үй-бүлөнүн бир канча сырлары менен бөлүшмөкчүбүз.

1. Ишеним

Ишеним болбогон жерде үй-бүлө бат урайт. Жубайлар бири-биринен күмөн санабай, бирин-бири колдоп, жашашы керек. Эгер сизден бир нерсени жашырса, эң алгач жаман ойго келесиз. Бирок оюңузду түздөп, жашырганынын себеби бардыр, же болбосо мага айталбай жатса керек деп талдап чыгуу керек. Унутпаңыздар, ортоңуздардагы сүйүүңүз канчалыкта чоң болбосун, эгер ишеним жок болсо, уруш-чатак чыгып, бири-бириңиздерге болгон сыйыңыздар жоголуп, үй-бүлөңүздөр урап эки жолго түшүүңүздөр мүмкүн.

2. Бирин-бири урматоо жана өзүн-өзүн калыптандырып өстүрүү

Көпчүлүк адамдар үчүн үй-бүлөнү көп жылга туруктуу кармоо абдан зарыл. Анткени, алар өздөрүн физиологиялык жактан гана эмес, эмоциялык жана интеллектуалдык жактан да калыптандырат. Ал үчүн сиздин хоббиңиз, түрдүү жактан кызыгууларыңыз болуш керек. Сиз өзүнчө инсансыз. Бирок сиз өзүңүздү эрудит катары сезип, күйөөңүздү ыңгайсыз абалга кептелүүдөн сактаңыз.. Мындай учурларда үй-бүлө ажырашып кетиши мүмкүн.

3. Диалог куруу өтө манилүү

Сиз да, жолдошуңуз да жумушта болсоңуз, бир-бириңизге убакыт таппай калышыңыз мүмкүн. Бирок сиздер албетте убакыт таап, сизде кандай жагдай болуп жатат, жумушуңузда кандай көйгөйлөр бар бөлүшүүңүздөр абзел. Психологдордун айтымында, чогуу бир темада сүйлөшө алган, бирин-бир угушкан, чогуу чечим чыгарып, бир максаты көздөгөн үй-бүлөлөр бекем болот.

4. Ичте сактабай убагында бетке айтуу

Сизге жакпаган бир жагдай болуп жатат, бирок сиз аны жолдошуңузга айта албай жатасыз. Айталбай жүргөн нерселер чогула баштайт да бир күнү чыдамыңыз түгөнүп жарыласыз. Ошол учурда чоң уруш-жанжал чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, сизде кандай жагдай болбосун өз убагында жолдошуңуз менен бөлүшүңүз.

5. Өз ара сый мамилени сактоо

Кээ бир сүйүшкөндөр же жубайлар күндүн 24 саатын чогуу өткөрөт. Эмне жасаса да чогуу жасашат. Мындай учурда бири-биринен бат тажап, көп уруша башташат. Сиз дагы, жолдошуңуз дагы досторуңуз менен бирге убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыздар. Ар бир инсандын жеке жашоосу, жеке ою бар. Көпчүлүк айымдар турмушка чыккандан кийин, үйдөн чыкпай отуруп калышат. Күнү-түнү бир адамды көрүп бат тажап калышы мүмкүн. Ошондуктан башкалар менен дагы аралашып башка чөйрөдө да жүргөн жакшы.

6. Сулуу болуп өзүн карап жүрүү

Эркектер көп айтышат, “болду, менден башка сени эч ким карабайт, боёнбой эле жүр” деп. Бирок канча айтышса дагы эркектер аялынын сулуу болгонун каалашат. Ал айымдар болсо ашканадан чыкпай өзүн таштап коюшат. Көчөгө чыгаардан мурда өзүн карап калышат. Негизи көчөдөгү башкалар үчүн эмес жолдошуңуз үчүн сулуу болуп жүрүңүз. Сиз сулуу, тың болуп өзүңүздү карап жүрсөңүз, күйөөнүздүн сизге болгон кызыгуусу эч качан жоголбойт. Үй-бүлөңүз дагы бекем болот.

Ошондой эле албетте, эки жубайдын, бири-бирин түшүнүүсү керек. Жүрөгүнүздөгү сүйүүнүн өчүшүнө эч качан жол бербеңиз. Эч качан шашылып чечим чыгарбаңыз. Ортоңузда сый-урмат, ишеним , сүйүү болгон учурда, кандай гана кыйынчылык болбосун аны чогуу басып өтөсүңөр. Көп нерсе аялдын колунда экенин унутпаңыз.

Даярдаган Гүлнара Тажиханова

Пикир

Оставить комментарий