• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үй эмеректерин жасап, үй-бүлөсүн баккан 61 жаштагы жыгач уста

Коом 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Кабар/. Равшан Абдырахманов 61 жашта. Ал Жалал-Абад шаарынын тургуну. Каарманыбыз 7 баланын сүйүктүү атасы жана 25 неберенин бактылуу чоң атасы, таята.

Бүгүнкү каарманыбыз 44 жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы базарлардын биринин чет жагынан орун алып, ал жерде турмуш-тиричиликке керектелүүчү стол, отургучтарды жана ар кандай жыгач керебеттерди, мындан сырткары чакан шкафтарды өз колу менен жасап, турмуш-тиричилигин улап келет. Устачылык атасынан өткөнүн айткан Равшан ата өз өнөрүн каалоочуларга үйрөтүүгө да даяр.

“Менин атам Абдырахман өз кезинде колунан көөрү төгүлгөн уста болгон. Ал учурда мен жаш болсом дагы так эсимде бар. Ал соодагерлер менен бирге ар кайсы шаарларга барып, ал жактан атайын мына ушундай жыгач буюмдарды жасоого ылайыкташкан буюмдарды алып келчү. Андан соң корообузда күндүн ысыгына же болбосо суугуна карабай тынбай эмгектенип жасачу. Мен дагы атамдын кантип жасагандарын көрүп, үйрөнүп алып 17 жашымдан баштап устачылык кыла баштадым”, - дейт ал.

Жаңы баштаган кезде ар кандай сандыктарды, бешиктерди жасап базарга сатууга алып чыгып жүргөн. Кийинчерээк элдин муктаждыгына карап жасачу болот.

“Чынында, жыгач уста болуу оңой иш эмес, ага сабырдуулук жана терең ойлонуп иш кылуу керек. Учурда шакирт катары тарбиялап жаткан 2 бала бар. Алар өздөрүнүн бош убактысына карап келишет. Мен болсо алар качан келсе да, өзүм билгенимдин баарын эртеңки күнү колдонсо экен деп жаштарга үйрөтөм" - деди Абдырахманов.

Анын айтымында, бир эмеректи жасоо үчүн бир жума убакыт коройт, анткени Абдырахманов жасаган эмерек эртең кардарга көп жылдарга кызмат кылгыдай болуп, бышык болуусу шарт.

"Мындан бир канча жылдар мурда жаш наристелер үчүн бешиктерди жасап, аны сатыкка койчумун. Ал үчүн атайын башка жактан жаңгактын же болбосо арчанын жыгачын алып келип жасачумун. Анткени ал жыгачтарга курттар да түшпөйт. Ал эми азыр замандын талабына ылайык, элдин муктаждыгына карап чоң столдорду, отургучтарды жана бизде улуттук стол деп коёбуз, коноктор келгенде отургузуучу кичинекей столдорду, мындан сырткары жыгач керебеттерди жасайм. Мисалы, чоң столду 2 миң сомдон 2,5 миң сомго чейин жасайм. Ал эми отургучтарды 1000 сомдон жасайм. Айрымдар айтат да сиздерде кымбат деп, негизи ал акчанын 95% столго жумшалуучу материалдарга кетет. Алсак, атайын лак, краска, Россиядан келтирилген бышык жыгач жана мык ушуга окшогон нерселерге кетет. Ал эми калган 5% биздин эмгек акыбыз катары эсептелет”, - деди Абдырахманов.

Кээ бир учурда колунда бир аз жогураак үй-бүлөлөр келет. Алардын абалын карап аз да болсо жеңилдетип сатабыз, дейт уста Равшан Абдырахманов.

"Акыркы учурда мына ушул жыгач устачылык жагына биздин жаштар такыр кызыкпай калышты. Анын ордуна чет жерге барып иштегендер көбөйдү. Мен аларга айтар элем, эгер силер үйрөнбөй жүрө берсеңер, биз жашаарыбызды жашап алдык, эртеңки күнү ушул тармактан адистер жетишсиз болуп калат. Эгер кызыккан жаштар болсо мага келгиле мен силерге өзүм билген нерселердин баарын үйрөтөйүн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий