• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Үй камагына чыгарылган инспектор ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотулду

Экономика 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Үй камагына чыгарылган салык органынын инспектору ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекеттик салык кызматы КР салык мыйзамдарын бузуу менен өзүнө жана башка адамдар үчүн мыйзамсыз материалдык пайда көрүү максатында "Б.А." аттуу жаранга билдирбестен анын колун жасалма коюп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринен товар алып келүүгө "К.С." аттуу жаранга ыктыярдуу патент беришкен МСКнын Свердлов району боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын билдирүүсүнө шилтеме берилген бир катар ММКлардагы маалыматтар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Алгач МСКнын Свердлов району боюнча башкармалыгы тарабынан 2017-2018-жылдары бир катар жеке ишкерлерге карата камералдык текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга КНС кошуп эсептелинген. Андан кийин камералдык текшерүүлөрдүн бардык материалдары МСКнын Свердлов району боюнча башкармалыгынын демилгеси менен салык карызын өндүрүү жана андан ары кылмыш ишин козгоо үчүн ЭККМКга берилген.

Атап айтканда, МСКнын Свердлов району боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча "У.Б." аттуу жаранга 24 миң 323 сом суммасында салыктар кошумча эсептелип, бюджетке 28 миң 600 сом келип түшкөн. "К.С." аттуу жаранга 3 млн 730 миң сом суммасында салыктар кошумча эсептелип, анын 150 миң сому келип түшкөн, "К.А." аттуу жаранга 12 млн 220 миң сом салыктар кошумча эсептелген, анын бюджетке 15 миң сому келип түшкөн, "Б.А." жаранга 14 млн 667,9 миң сом салыктар кошумча эсептелинген.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына, ошондой эле функционалдык милдеттерине ылайык Свердлов району боюнча салык органынын кызматкерлери жогоруда аталган төрт ишкерлерди алардын берген арыздарынын негизинде жеке ишкер катары салыктык каттоого албай коюусу жана аларга экономикалык иш жүргүзүү үчүн ыктыярдуу патент бербей коюусу мүмкүн эместигин белгилей кетүү зарыл. 2017-жылы аларга ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн салык төлөөчүнү салыктык каттоо жөнүндө маалымкат берилген.

Камералык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча МСКнын Свердлов району боюнча башкармалыгы тарабынан берилген материалдардын негизинде ЭККМК 2018-жылдын ноябрь айында кылмыш ишин козгоп, ал эми ошол эле жылдын декабрь айында бул иш боюнча документтерди далил катары алышкан.

МСКнын Свердлов району боюнча башкармалыгынын жеке ишкерлерге маалымкаттарды берген кызматкерлери (2 иш кагаздарын жүргүзүүчү жана 1 инспектор) 2018-жылы кызматынан бошотулушкан.

2019-жылдын 3-майында кармалган жана үй камагына чыгарылган МСКнын Свердлов району боюнча башкармалыгынын инспектору ишеним жоготкондугуна байланыштуу 2019-жылдын 7-майында кызматтан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий