• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Үй карантинин бузган 6 жаранга 60 миң сомго чейин айып салынат

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Үй карантинин бузган 6 жаранга 60 миң сомго чейин айып салынат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, үй карантининде болгон жарандарга алардын жүргөн жерин көзөмөлдөө үчүн атайын мобилдик колдономолор орнотулган.

“Бул алардын макулдугу менен жасалган. Ал программалар кыймыл-аракеттин жана үй карантининин сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Үй карантининин эрежелерин бузгандыгы боюнча 6 жаранга карата материалдар сотко өткөрүп берилди. Аларга 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып салынат. Дагы 9 адамга 3 миң сомдон айып салынды”, - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий