• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үй карантинине алынгандар жашоо шарты талапка жооп бербеген учурда, обсервацияга жайгаштырылышы мүмкүн - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Үй карантинине алынган жарандар жашоо шарты талапка жооп бербеген учурда, обсервацияга жайгаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Жарандарды үй карантинине жайгаштырууда, анын жашаган жерин жана жашоо шарттарын карап чыгабыз. Жашоо шарты талапка жооп бербеген учурда, обсервацияга жайгаштырылышы мүмкүн”, - деп кошумчалады башкы санитардык дарыгер.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус жуктурган 7 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044тү түзөт. Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий