• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Үй карантинине кандай талаптар бар? – Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Ден соолук 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги үй карантининде кандай шарттар аткарылышы керектиги боюнча түшүндүрмө берет.

Үй карантининде кийинки талаптар аткарылыш керек:

1. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн өзүнчө жүрө (жата) турган бөлмө болушу керек;

2. Бейтап менен башка үй-бүлө мүчөлөрүндө жеке сактануучу каражаттардын болушу (жок дегенде кол кап жана беткап) жана алдын алуу чараларынын сакталышы (маселен, жөтөлүү, чүчкүрүү этикети жана респиратордук гигиена);

3. COVID-19 инфекциясынан улам абалы оорлошу мүмкүн болгон киши болбошу керек (жаш курагы 65тен улуулар, 5 жашка чейинки балдар, боюнда бар аялдар, иммунитети начар же жүрөк, өпкө жана бөйрөктүн өнөкөт оорулары барлар);

"Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга шарттар болбогон учурда карантин медициналык мекемелерде жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан мурдараак, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустан улам үй обсервациясына 181 жаран алынганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий