• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Үй карантининин талаптарын бузган 65 жаран жоопкерчиликке тартылууда – ички иштер министринин орун басары

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Үй карантининин талаптарын бузган 65 жаран жоопкерчиликке тартылууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 28 миң 592 адам үй карантининде болууда. Анын ичинен 18 миң 28 адамга үй карантинин бузбоо талаптары коюлган.

"Бирок, ага карабастан кээ бир жарандар талаптарды, мыйзамды бузуп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата үй карантининин талаптарын бузган 65 жаран Бузуулар, Жоруктар жөнүндө жана Кылмыш кодексинин негизинде жоопко тартылууда. Алардын ичинен 36 жаран Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесине ылайык жоопко тартылууда. Ал берененин негизинде 2-категориядагы айыппул (3 миң сом) каралган. Андан тышкары Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренеси (прим 1) боюнча 16 жаран, 119-беренесинин (прим 1) негизинде 2 жаран жоопко тартылууда. Кылмыш кодексинин 280-беренесинин негизинде 10 адамга карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 281-берене боюнча 1 жаран жоопко тартылууда. 280-берене боюнча (санитардык-эпидемиолоиялык эрежелерди бузуу) айыппулдан тартып 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 281-берене боюнча да айыппулдан тартып 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жоопкерчилиги каралган. Биздин көпчүлүк жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарын аткарууда. Бирок аны аткарбаган кээ бир жарандар бар. Жарандарды Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарын аткарууга чакырам", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий