• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

I кварталда азык-түлүк жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 3,4%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 11-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында азык-түлүк жана алкоголсуз ичимдиктердин баасы 3,4%га өскөн. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин баалардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова билдирди.

Ал билдиргендей, картошкага (39,3%), жашылчаларга (30%), алмага (5,2%) жана этке (1,6%) баанын жогорулашы байкалган. Муну менен бирге 2017-жылдын 1-кварталында таруу, сүт жана сүт азыктарына, өсүмдүк майына, күрүчкө болгон баанын төмөндөшү белгиленген.

“Мартта 2016-жылдын декабрына салыштырмалуу тамекинин баасы - 12,7%га, тейлөө – 2,6%га жогорулаган. Азык-түлүк товарларынын баасы жыл башынан бери 0,3 жана алкоголдук ичимдиктер 0,1%га кыскарган”, - деди М.Абдукадирова.

Анын айтымында, быйылкы жылдын 1-кварталында керектөөчүлүк баанын өсүшү Ош шаарында башка аймактарга салыштырмалуу, негизинен, азык-түлүк эмес товарларга баанын 1,8%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 8%га өсүшү менен шартталган. Январь-мартта Ош облусунда азык-түлүк жана алкоголдук эмес ичимдиктердин баасы 5,8%га өскөн. Баткен облусунда тейлөө кызматтарынын баасы 3,1%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий