• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

«I Love English Video Contest 2017» сынагынын жыйынтыгы чыкты

Маданият 0

Бишкек, 16 февраля /Кабар/. «I Love English Video Contest 2017» сынагынын жыйынтыгы чыкты. Сынакка үч жүзгө жакын видеороликтер түшүп, алар Facebookтун сынак баракчасына жарыяланган. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Жеңүүчүлөр КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Бишкек билим берүү бөлүмүнүн, “Форум” чет тил мугалимдеринин билим берүү ассоциациясынын жана КРдагы АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан тандалып алынды.

“Эң күлкүлүү видео” номинациясын Гүлнара Эркинбаева, “Эң оригиналдуу видео” номинациясын Бочолоева, “Эң романтикалык видео” номинациясын Сулайман Садырбеков жеңип алды.

Гран-прини Facebookта эң көп комментарийге ээ болгон Талгат Кадыровдун видеоролиги алды.

Англис тили мугалими үчүн план-конспект сынагында Динара Султанова менен Назгүл Дүйшөнбиева жеңишке жетишти.

Пикир

Оставить комментарий