• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Үйүнөн таарынып чыгып кеткен. Жалал-Абадда 17 жаштагы кыз изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 2003-жылы төрөлгөн Рахмидин кызы Мадина изделүүдө. Ал үстүбүздөгү жылдын 23-февралында болжол менен саат 11:30да үйүнөн таарынып чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилери: Бою 165-170 см, чачы кара узун, өңү кара тору, орто келбетте, көзү кара, кашы кара.

Кийимдери: Башында сыя түстөгү жоолук, үстүндө кара түстөгү куртка, ичинде көк түстөгү көйнөк, кара түстөгү джинсы шым, бутунда кара түстөгү өтүк.

Рахмидин кызы Мадинанын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (03748) 5-02-09, (0777) 80-65-68, (0550) 31-31-22.

Пикир

Оставить комментарий