• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Үй шартында тырмакка кам көрүү

Дүр дүйнө 0

Аялзатынын назик колдоруна кам көрүп туруу алардын абалын бир калыпта кармап жүрүүгө көмөк берет. Айрыкча түрдүү маскаларды үй шартында колдонуу натыйжалуу келет.

1.Тырмактарды бекемдөөчү маскалардын бири зайтун майынан жана лимон ширесинен жасалат. Анча чоң эмес айнек идишке бир чай кашык зайтун майын жылытыңыз. Ага бир нече тамчы лимон ширесин кошуңуз. Уктаар алдында тырмактардын түптөрүнө сүйкөп жатыңыз. Аптасына эки ирет кайталасаңыз болот.

2. Тырмактарды бекемдөөчү жана азыктандыруучу ваннанын деңиз тузунан жасасаңыз болот. Жарым литр жылуу сууга бир аш кашык деңиз тузун салып, аралаштырып, манжаларыңызды 20 мүнөткө кармаңыз. Андан кийин колуңузду чайкабай эле, колго арналган майлуу крем сүйкөп жатыңыз. Эки күндө бир жолу 10 күн кайталасаңыз, жыйынтыгы кубантаарлык болот. Эгер бул ыкма жакса, анда ортодон бир ай өткөрүп улам жасап жүрүңүз.

3.Кызыл калемпирден жасалган маска бекемдеп, жакшы өстүрөт. Жарым чай кашык кургатылган калемпирге кайналытган суудан 10 тамчы куюуп, бир чай кашык кол креминен кошосуз. Тырмактарга 20 мүнөткө кармайсыз. Андан кийин жылуу сууга жууп саласыз. Айына эки ирет колдонулат.

4. Лимон ширеси менен туз дагы тырмактын үстүңкү катмарын жакшы бекемдейт. Ал үчүн бир чай кашык лимон ширесине бир чымчым туз кошуп, аралаштырып тырмакка 20 мүнөткө коёсуз.

5. Туз менен йоддон ванна жасасаңыз дагы тырмактарыңызды бекемдейсиз. Бир стакан жылуу сууга бир чай кашык туз жана 5 тамчы йод куюп, тырмактын учун 20 мүнөт кармайсыз. Мындан сырткары дем алыш күндөрү кечинде уктаар алдында тырмакка йод сүйкөп жатсаңыз жакшы жыйынтык берет.

6. Дарылоочу масканы табигый аарынын момунан жасасаңыз болот. Ал үчүн айнек идишке момду салып ээритип аласыз. Андан кийин 15 мүнөткө тырмактын учун салып турасыз да, муздак суу менен чайкап коёсуз. Аптасына эки ирет жасап жүрүңүз.

7. Чөптөрдүн кайнатмасын дагы колдонсоңуз болот. Эки аш кашык ромашка, зверебой чөбүн бир стакан кайнак сууга салып аралаштырып, бир аз муздаган соң ага колуңузду салып, 20 мүнөтко кармайсыз. Аптасына эки ирет колдонулат.

8. Зайтун майы, бал жана жумуртка менен дагы ванна жасаса болот. Айнек идишке зайтун майы менен балды жылытып аласыз. Ага бир жумуртканы чагып саласыз да, колуңузду салып 20 мүнөттөн кийин жууп саласыз.

9. Жука жана тез сынган тырмактар үчүн желатин ваннасы жакшы жардам берет. Бир саткан кайнак сууга бир баштык желатинди салып, аралаштырып, муздаган соң тырмагыңыздын учун 20 мүнөт саласыз. Аптасына эки ирет колдоносуз.

10. Тырмактын өңүн жакшыртуучу мазды үй шартында жасап алып колдонсоңуз болот. Ал үчүн 1 чай кашык глицерин, 1 чай кашык лимон ширеси жана 3 аш кашык роза суусунан кошуп аралаштырып, ыңгайлуу идишке салып коёсуз. Күн сайын уктаар алдында тырмактарга сүйкөп жатыңыз.

Пикир

Оставить комментарий