• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Үй шартында уйдун сүтүнөн кымыз жасоонун ыкмалары

Дүр дүйнө 0

Уйдун сүтүнөн даярдалган кымыз, бээ сүтүнөн алынган кымыздын дээрлик окшош, анын касиеттерине ээ. Үй шартында уйдун сүтүнөн кымыз даярдоонун өзгөчө ыкмасы бар. Ал үчүн уйдун майсыз сүтүнүн бөлүгүнө шекер унун кошот ( 1 литрге 3 чай кашык), кайнап чыкканга чейин ысытып, кайра 30 градуска чейин муздатат. Андан соң, 1 пайыз ачыкты же мурдагы өндүрүлгөн жакшы кымыздан кошот жана көбүк пайда болгуча дыкаттык менен аралыштырыш керек болот ( 10-15 мүнөт).
30 градус температурасында 6-8 саат ачытыш керек. Коюулангандан кийин кымызды кайрадан аралаштырып, ( 10-15 мүнөт) 16-18 градуска чейин муздатыш керек болот.
Башка ыкма. Каймагы алынбаган жаңы сүткө (мүмкүн болсо жаңы саалган сүт) 1:3 пропорциясы менен кайнап муздатылган суу кошулуп, жакшылап аралаштырат жана майда шекер уну кошулат (0,5 литр аралашмага 1 чоң кашык шекер). Алкоголдук жана көмүркычкылдын жогорку курамы менен кымызды алуу үчүн шекердин ченемин 1,5 чоң кашыкка чейин жогорулатууга болот. Шекерди кошкондон кийин, аралашманы кайрадан чалат, шекер толугу менен эрип бүткөндө, суюк сыра ачыткысын кошушат. (0,5 литр аралашмага 1 чоң кашык ачыткы). Андан кийин аралашманы бөтөлкөлөргө куюп, бекем тыгын тыгып, тыгындарды көтөрмө бекем жип же сым менен байлап коюшат. Мындай көрүнүштө бөтөлкөлөрдү 20 градус температурасында бир сутка кармашат, андагы куюлманы маал-маалы менен (бирок, бат-баттан эмес), чайкап турушат. Бир суткадан кийин, бөтөлкөлөрдү 8-10 градус температурасында муздак жерге которот, мында да мезгил-мезгили менен чайкап турууну улантышат. 3-4-күнү кымыз пайдаланууга даяр болот.
Кымыз даярдоонун дагы башка ыкмасы: Анда чоң эмес жыгач же чопо чакага 1 литр уйдун жаңы сүтүн куюлат, ага кайнак суу кошуп (3 стакан сүткө 1 стакан суу), 2 чон кашык кефир же айран менен ачытат, 3 чоң кашык бал же шекер (бал артыкчылыкка ээ) кошулат жана тунуу башталганга чейин челекти 12-16 саатка жылуу жерге коюп коет. Алынган айранды даки же элек аркылуу чалып, чыпкалайт.
0,5 стакан жылуу сууга 3-5г ачыткы салынып, 1 чоң кашык шекер уну кошулат жана ачыткы күчүнө кириши үчүн 1-2 саатка жылуу жерге коюп коет. Күчүнө кирген ачыткыны чыпкаланган айранга куюп, барын жакшылап аралаштырат, чаканы капкак менен жаап, 18-20 саатка жылуу жерге тыныктырып коюу керек. Бул убакыт өткөндөн кийин кымызды бөтөлкөлөргө куюп, тыгын менен бекем жаап, 20-22 градус температурасы менен жылуу жерге кайрадан 30-40 мүнөт коюп коет. Мындан кийин кымыз пайдаланууга даяр. Суусундукту муздаткычта сакташат. Пайдалануу алдында кымызды бөлмө температурасына чейин жылытып алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий