• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

I жарым жылдыкта 17 миңден ашык адамга акысыз укуктук жардам көрсөтүлгөн

Коом 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 17 миң 342 адамга акысыз укуктук жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымт жыйында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтуусунда, ошондой эле 502 чет элдик жана жарандыгы жок 10 адамга жардам көрсөтүлгөн.

"Отчеттук мезгил учурунда кылмыш иштери боюнча 9 миң 53 адамга юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Анын ичинде кармоо стадиясында - 1071, тергөө стадиясында - 1657, сот стадиясында - 6325. Жарандык жана административдик иштер боюнча - 530", - деп билдирди Калбеков.

Калбеков кошумчалагандай, 2019-жылдын 30-июнуна карата Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын Мамлекеттик реестринде 311 адвокат бар. Республика боюнча калкка укуктук-кеңеш бере турган 24 борбор иштейт.

Пикир

Оставить комментарий