• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

И.Чудинов менен А.Жапаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча маселени депутаттык комиссия иликтейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени убактылуу депутаттык комиссия тарабынан иликтөө боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө депутаттык комиссия түзүү тууралуу демилге көтөрүп, депутат Канатбек Исаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия жогоруда аталган депутаттарга карата козголгон кылмыш ишин дагы иликтөөгө алуусун сунуш кылды. “Бир Бол” фракциясынын лидеринин сунушу депутаттардын колдоосуна ээ болду.

Эске салсак, депутат Канатбек Исаев боюнча үстүбүздөгү жылдын 18-майында Жогорку Кеңеш жыйынында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга ар бир парламенттик фракциядан төмөнкү депутаттар кирген: Дастан Жумабеков, Алмазбек Токторов “Кыргызстан”, Төрөбай Зулпукаров, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Мухтарбек Айнакулов (КСДП), Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Бактыбек Райымкулов (“Республика – Ата Журт”), Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс”), Улукбек Ормонов (“Бир Бол”), Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”).

Пикир

Оставить комментарий