• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Э.и.к. К.Идинов: “Дыйкандарыбызга 170 млн. калкы бар базарга жол ачылды”

Аналитика 0

- Кубанычбек мырза, кыргыз Өкмөтүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу жаатындагы аткарып жаткан ишине канааттанасызбы? Бул боюнча оюңуз кандай?

- Өлкөбүз ЕАЭБдин курамына киргени андагы биримдиктин курамындагы мамлекеттер ортосундагы келишим боюнча Россия, Казакстан, Белоруссия, Армения өлкөлөрүнө чек ара деген жок болуп, эч тосмосуз каттам жаралды. Тагыраагы, бажы тосмолорунун баардыгы алынды. Азыр ар-бир дыйкан же дыйкандарыбыздын ассоциациялары, ошондой эле дыйканчылык фирмалар өздөрүнүн өндүргөн азык-түлүк продукцияларын, биримдиктин атайын стандарттарына ылайык келсе, эч тоскоолдуксуз алып киргенге мүмкүнчүлүк алып калышты. Буга чейин биздин дыйкандар өндүргөн түшүмдөрүн Оштон Жалал-Абадка, Жалал-Абаддан Нарынга, Ысык-Көлдөн Таласка ташып, алакандай өлкөбүздүн ичинде эле кайнап келишсе, азыр өндүргөн айыл чарба азыктарыбызды Россия, Казакстан баштаган биримдиктин курамындагы мамлекеттерге экспорттоого зор мүмкүнчүлүк түзүлдү. Башта айтканымдай, биздин дыйкандар продукцияларын өзүбүздүн өлкөнүн ичинде гана сатып келишсе, азыр ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөргө мурда Кыргызстандын ичинде саткандай эле экспорт кылып, сатып жатышат. Мунун өзү биздин мамлекеттеги дыйкандар үчүн абдан чоң жетишкендик. Анткени, буга чейин биздин өлкөнүн базары кичинекей болуп келсе, эми өндүргөн продукцияларыбызды мындан ары 170 млн. калкы бар ири базарга чыгарганга жол ачылды. Кыскасы, биздин дыйкандар үчүн болуп көрбөгөндөй жакшы шарттар түзүлдү десек болот. Дагы айтам, бул эң жакшы жетишкендик.

- Демек, мындай алкактан караганда Өкмөттүн иши жакшы деңизчи?

- Албетте, премьер-министр катары Сооронбай Жээнбеков аябай чоң эмгек кылып жатат. Анткени, бул киши өкмөт башына келгени түздөн-түз чарба билген сапаты анын ишке болгон жөндөмүн арттырып, фитосанитардык станцияларды курдуруп, дыйкандарыбызды кыйнабоо максатында Ошко өзүнчө, Таласка өзүнчө, Бишкекке, Каракол баштаган ар-бир облустун борборлорундагы аймактарыбызга чейин тиешелүү, талапка жооп берген лабораторияларды курдуруп, тиешелүү шарттарды түзүп жатат. Экинчиден, ал өкмөт башчысы катары биримдиктеги өлкөлөрдүн тиешелүү жетекчилеринин астына конкреттүү маселелерди коюп жаткан жүрүштөрү чоң ийгиликтерди берип жатат.

Дагы кошумчалаар сөз, эки чоң вариантты карайлычы. Мындан ары ар-бир региондогу жакшы өндүрүлгөн продукцияларыбызга жараша ар-бир тармактын приоритеттерин аныктап алып, ушул жаатта Өкмөт да чечим кабыл алып, иштеп жатат. Буюрса, кыргыз Өкмөтү бул боюнча чечим кабыл алып, колунан келишинче иштеп жатат.

ИАЦ “Кабар”

Пикир

Оставить комментарий