• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

И.Карыпбековго кан куйган Кан борборуна дагы донорлор керек

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. КТРКнын башкы директору И.Карыпбеков учурда дарыланып жаткан Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна кан боюнча алган бардык милдеттемелерди жабуу үчүн дагы 13 донор керек.

Республикалык кан борборунун даяр продукция бөлүмүнүн башчысы Алтынкүл Туратбекова билдиргендей, бүгүн кан куюу станциясына келген 15 донордон кан алынган. “Каалагандар көп болду, бирок, айрымдарынын терс көрсөткүчтөрү болду. Жабырлануучу учурда дарыланып жаткан Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна кан боюнча алган бардык милдеттемелерди жабуу үчүн бизге дагы кеминде 13 донор керек. Тилекке каршы, канды супермаркеттен же базардан сатып алууга болбойт. Бул баа жеткис белек менен кайдыгер эмес адамдардын бөлүшүүсүн суранабыз”, - деди А.Туратбекова.

Илим Карыпбеков үчүн кайтарымсыз донорлук акциясына катышууну каалагандар эртең, 3-мартта саат 8-00дөн 14-00гө чейин кан куюу станциясына келсе болот. Дареги: Бишкек ш., Тынчтык проспектиси 60, тел. 54-19-13, 56-10-74.

Пикир

Оставить комментарий