• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШКга 37 талапкерден арыз түштү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан коммунисттер партиясынын 2017-жылдын 22-июлундагы ХI кезексиз съездинин Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына И.Масалиевди көрсөтүү тууралуу чечими келип түштү. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Алардын маалыматында, 2017-жылдын 24-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 30 жаранынан арыз келген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Үмөталиева).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өз талапкерлерин көрсөткөн 7 саясий партиянын чечими келген. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков- «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – Политическая партия «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы).

Пикир

Оставить комментарий