• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

И.Раззаковдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Коом 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Кечээ, 3-декабрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде КР мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынак И.Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо алкагында уюштурулган. Дилбаяндар 2020-жылдын 17-октябрынан 17-ноябрына чейин кабыл алынган.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов И.Раззаковдун Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын, Өзбекстанда согушка чейинки жана согуш жылдарындагы жигердүү эмгегин белгилеп, ошондой эле мыкты эмгектердин авторлоруна дипломдорду жана сыйлыктарды тапшырды. Катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, сынактын жеңүүчүлөрүнө ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий