• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Якутиядагы мигранттардын иштешине чектөө кыргызстандыктарга тиешеси жок

Коом 0

Бишкек. 28.03.19 /Кабар/. Якутиянын (Саха Республикасы) жетекчилиги башка өлкөлөрдөн келген мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салуу боюнча чечимин кабыл алды.

Бирок бул чечимдин кыргыз жарандарына жана Евразиялык экономикалык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, – деп кабарлады "Говорит Москва" радиосу.

"Мунун Путиндин Кыргызстанга барганы менен эч кандай байланышы жок жана жакында болгон окуяларга дагы тиешеси жок. Бул жетекчиликтин жыл сайын кабыл алынчу буйругу. Мындай буйрук 2018–жылы дагы кабыл алынган", – деп билдирди администрациянын өкүлү радиого.

Маалыматка ылайык, мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмеси көп деле өзгөргөн эмес. Айтылган кесиптер былтыркы жылдын буйругунда дагы көрсөтүлгөн болчу. Быйыл илимий тармак гана кошулду. Мигранттар өз ишин уланта берет. Буйрук патенттин негизинде иштеген мигранттарга тиешелүү.

"Буга жогорку квалификациядагы адистер жана Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр – Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Беларусия – кирбейт", – деди администрациянын өкүлү.

Буга чейин Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев башка өлкөлөрдөн келген мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салган буйрукка кол койгон. Мындай тармактардын тизмесин кеңейткен буйрук Саха Республикасынын башчысынын расмий (glava.sakha.gov.ru) сайтында жарыяланды.

Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынды.

Маалыматка ылайык, патенттин негизинде иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга такси, коомдук транспорт жана жүк ташуучу унааларды айдоого туюу салынат.
Мындан тышкары, тамак-аш, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, айыл-чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында дагы иштөөгө болбойт.

Эске салсак, 17-мартта Якутск шаарында Кыргызстандын жараны жергиликтүү аялды зордуктаган деп айыпталууда. Ал күнөөсүн мойнуна алганы, кылмышка көмөктөшкөн башка эки адам дагы кармалганы кабарланууда.

Бул жагдай жергиликтүү эл арасында коомдук резонанс жараткан. Бул окуядан кийин Якутск шаарынын миңдеген тургундары катышкан митинг өткөн.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Россиянын аймагында 640 миң кыргыз жараны эмгектенсе, алардын 10 миңи Якутиянын аймагында.

Пикир

Оставить комментарий