• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Якутияда абал турукташты, шектүү КР жарандары өзүнчө камерада кармалууда – Токтоболотов

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Якутияда абал турукташты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтуусунда, КР жарандары шектелип жаткан зордуктоо фактысынан кийин өкмөттүн ыкчам тапшырмасы боюнча ал Якутияга барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолуккан.

"Сүйлөшүүдө жергиликтүү бийлик аталган ишти кароо мыйзам чегинде болоорун жана бул ишке тиешеси жоктордун кол тийбестиги да карала тургандыгын убадалашты. Башкача айтканда, биз кылмыштуулук улутка карабай тургандыгын айтып, кылмышка шектүү адам гана жазага тартылышы керектигин билдирдик", - дейт Токтоболотов.

Ал маалымдагандай, Россиянын жаранын зордуктоого шектелип жаткан адам менен жолуккан. "Кылмышка шектелип жаткан биздин жарандар психикалык жана физикалык күч колдонууга дуушар болушу мүмкүн деген ой кеткен. Коомдук резонансты эске алуу менен аларды өзүнчө камерада кармоого жетиштик. Алар тергөө изоляторунда. Биз алар менен жолукканда эч кандай басым болбогондугун жана кармоо шарттары жакшы экендигин билдиришти", - деп кошумчалады.

Токтоболотов шектүүлөр менен болгон сүйлөшүү тууралуу толугу менен айтып бере албай тургандыгын билдирди.

"Коомдук резонанстан кийин көптөгөн жалган маалыматтар тарап кетти. Биз Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева менен жолуктук. Кыргызстандын жарандарынын укуктары тебеленсе ага кайрылууну айтып, ар бир факты боюнча жеке өзү териштирүү жүргүзө тургандыгын билдирди", - деди Токтоболотов.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 17-мартында Якутск шаарынын тургуну зордуктоонун курмандыгы болгон. Буга байланыштуу кыз аймактык укук коргоо органдарына кайрылган. Якутсктун Тергөө комитети уурдоо жана зордуктоо боюнча кылмыш ишин козгогон. Укук коргоо органдары тийиштүү иш-чаралардын аркасы менен шектүүнүн өздүгүн тактап, аны кармашкан. Ал Кыргызстандан болору аныкталган. Кылмыш жасоого дагы эки жаран шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий