• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Якутияда «Менин мекеним - Кыргызстан» аттуу дилбаян сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө алкагында Саха (Якутия) Республикасында жашап аткан мекендештердин 15 жашка чейинки балдары арасында «Менин мекеним - Кыргызстан» аттуу темада дилбаян жазуу боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси тарабынан сынак жарыяланган.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка катышуучулар дилбаянды 7-август күнү 16:00-17:00 аралыгында атайын чакырылган адабият мугалиминин жардамы менен Кеңседе жазышты. Ошол эле күнү атайын түзүлгөн комиссия жыйынтыгын чыгарып 1, 2 жана 3-орунду ээлегендерге акчалай сыйлык тапшырды.

Ошондой эле Кыргызстан, залкар жазычуулар, атактуу адамдар жана белгилүү фактыларга байланыштуу кошумча суроолор болду. Ал суроолорго так жана туура жооп бергендерге, ырдагандарга китеп, калем, кружка, шахмат, конструктор сыяктуу белектер ыйгарылып, бардык катышуучулар грамота менен сыйланды.

Балдар биздин келечегибиз экендигин эске алуу менен, аларга мекенге болгон сүйүүсүн, сагынычын жана башка сезимдерин ойготуу максатында, мындан ары балдардын ата-энелери менен биргеликте мындай иш-чараларды спорт, адабият, маданият, сүрөт жана коомдук илимдер чөйрөлөрүндө өткөрүү жана жайылтуу чечилди.

Пикир

Оставить комментарий