• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Якутияда кыргызстандык зордуктоого шектелүүдө. Консул менен ИИМ өкүлү маселени билүүгө Россияга барат

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Якутск шаарында кыргызстандык зордуктоого шектелүүдө. Мындан улам КРнын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Россиядагы өкүлчүлүгү мыйзам бузууларды алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

КР ИИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда Якутск шаарында (Саха Республикасы) жасалган зордуктоо фактысы тууралу маалыматтар таратылууда. Ал кылмышты жасаган Кыргызстандан болору айтылууда. Бул жагдай жергиликтүү эл арасында коомдук резонанс жаратты.

Бул окуя боюнча толук маалымат берүү үчүн КР ИИМнин Росиядагы өкүлчүлүгү төмөнкүлөрдү билдирет:

2019-жылдын 17-мартында Якутск шаарынын тургуну зордуктоонун курмандыгы болгон. Буга байланыштуу кыз аймактык укук коргоо органдарына кайрылган. Якутсктун Тергөө комитети уурдоо жана зордуктоо боюнча кылмыш ишин козгогон. Укук коргоо органдары тийиштүү иш-чаралардын аркасы менен шектүүнүн өздүгүн тактап, аны кармашкан. Ал Кыргызстандан болору аныкталган. Кылмыш жасоого дагы эки жаран шектелүүдө.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстандан барган мигранттардын Якутиянын аймагында жасаган башка тартип бузуучу иштери орун алган. Маселен, 2019-жылдын 11-мартында инстаграмдын колдонуучусу, жергиликтүү элдин ар-намысына тийген билдирүү жарыялаган. Ал да коомдук резонанс жараткан. Буга байланыштуу КР ИИМнин Росиядагы өкүлү Якутсктун окуу жайларынын биринин студенти Ж.А. аттуу жаран менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, социалдык тармактарда мындай билдирүүлөрдү таратуу болбостугу айтылган. Андан кийин ал, өзүнүн баракчасынан баарынан кечирим сураган. Якутиядагы диаспоралык коомчулук, коопсуздук максатында аны Кыргызстанга жөнөткөн.

2019-жылдын 17-мартында Якутск шаарында жергиликтүү элдин катышуусундагы митинг өтүп, алар зордуктоо фактысына нааразычылыгын билдиришкен. Митинг учурунда коомдук тартип бузуулар байкалган эмес. Көп сандаган полиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп турган.

Жогоруда айтылган фактыларга байланыштуу КР ИИМнин Россиядагы өкүлү ички иштердин аймактык органдары менен кызматташтыкта тартип бузууларды алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.

"Биздин жарандар келген өлкөсүнүн мыйзамдарын сактап, сыйлашы керек, коомдук жайларда этикалык эрежелерди сакташы зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын өтүнүчү менен түзүлгөн кырдаалды чечүү жана болгон окуялардан кийин абалдын курчуп кетишин алдын алуу үчүн жакынкы убакытта КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын, КРнын Россиядагы элчилигинин жана ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчи кызматкерлеринин Якутск шаарына баруусу белгиленүүдө.

Пикир

Оставить комментарий