• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Якутияда Кыргызстандын көркөм өнөр жана адабият күнү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Якутияда 19-21-июнда Кыргызстандын көркөм өнөр жана адабият күнү өтөт. Иш чарага президенттин кеңешчиси Мира Карыбаева жетектеген өкүлдөр, ЖК депутаттары жана жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов катышышат.

Ал Якутия мамлекетинин түптөөчүлөрүнүн бири Максим Аммосовдун 120 жылдыгын белгилөө иш чарасынын алкагында өткөрүлмөкчү.

19-июнда М. Аммосовдун эстелигине гүл койгондон кийин, жазуучулар, илимий жана искусство ишмерлеринин катышуусунда Адабий музейде тегерек стол уюштурулат. Анын алкагында кыргызчадан якут тилине которулган китептердин бет ачары болот.

Ал эми «Сахафильм» кино театрында кыргыз киносунун күнү ачылат. Анда Кыргызстан менен Якутиянын киноматографтарынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлат.

Улуттук көркөм музейде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлат. Ал эми 21-июнда Намцы айылында өткөрүлө турган “Ысыах” улуттук майрамынын алкагында Аммосовдун эстелигинин ачылыш аземи болот.

Булак: runews24.ru

Пикир

Оставить комментарий