• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Якутияда табылган ири алмазга Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген

Коом 0

Бишкек, 20-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Якутияда кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген ири алмаз табылды. Бул тууралуу бүгүн “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумунда” Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын өкүлү Александр Жирков билдирди.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын Якутияда абдан кызыгуу менен окушат. Айтматовдун бир нече чыгармасы которулган. “Биз аны биздин да жазуучубуз катары эсептейбиз, буга байланыштуу, 2013-жылы Якутияда табылган ири алмаз Айтматовдун ысымын алган”, - деген Жирков эки элдин ортосунда жалпылык көп экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкекте 23-июлга чейин улануучу “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму өтүп жатат. Иш чарага 12 өлкөнүн 20 элинин өкүлдөрү катышууда. Жогорку мейман катары форумга Башкырстандын президенти Рустэм Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков жана Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын өкүлү Александр Жирков катышууда.

Форум Ысык-Көлдө 21-22-июлга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий