• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Якутияда кыргыз таксисттер суукта пенсионерлерди бекер жеткирүүдө (видео)

Коом 0


Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Якутияда жашап, иштеген кыргыз таксисттери кыштын ызгаардуу суук күндөрүндө пенсионерлерди акысыз ташууда. Жазбек Мамбеткулов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына видео жүктөгөн, анда кыргызстандыктар Якутиядагы пенсионерлерди кыш мезгилинде каалаган жерине акысыз жеткирип жаткандыктары айтылат

Галина Григорьевна аттуу пенсионер айдоочуга ыраазычылык билдирип, бул кыргызстандык балдар акысыз жеткирген алгачкы учур эместигин айткан.

Эске сала кетсек, кыш мезгилинде Бишкекте да ыктыярчылар жолоочуларды акысыз жеткирген учурлар болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий