• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Якутияда мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салынды

Коом 0

Бишкек. 28.03.19 /Кабар/. Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев башка өлкөлөрдөн келген мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салды. Мындай тармактардын тизмесин кеңейткен буйрук Саха Республикасынын башчысынын расмий (glava.sakha.gov.ru) сайтында жарыяланды.

Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынды.

Маалыматка ылайык, патенттин негизинде иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга такси, коомдук транспорт жана жүк ташуучу унааларды айдоого туюу салынат.

Мындан тышкары, тамак-аш, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, айыл-чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында дагы иштөөгө болбойт.

Айсен Николаев буга чейин Якутиянын тургундары иштей ала турган жумуштардын көбүн мигранттар ээлеп алышканын билдирген.

Эске салсак, 17-мартта Якутск шаарында Кыргызстандын жараны жергиликтүү аялды зордуктаган деп айыпталууда. Ал күнөөсүн мойнуна алганы, кылмышка көмөктөшкөн башка эки адам дагы кармалганы кабарланууда.

Бул жагдай жергиликтүү эл арасында коомдук резонанс жараткан. Бул окуядан кийин Якутск шаарынын миңдеген тургундары катышкан митинг өткөн.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Россиянын аймагында 640 миң кыргыз жараны эмгектенсе, алардын 10 миңи Якутиянын аймагында.

Пикир

Оставить комментарий