• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз делегациясы Якутиянын жергиликтүү бийлиги менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Эл иштери жана тышкы байланыш боюнча министр Гаврил Кириллин Якутияга барган кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолукту, - деп билдирет "Якутия-24" телеканалы.

Кыргызстандык өкүлдөрдү Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов жетектеп барган.

Кириллин резонанс жараткан кылмыштуу окуядан кийин жаралган чырды жөнгө салуу боюнча республиканын бийлиги тарабынан жасалган иштер тууралуу айтып берген.

Самат Токтoболотов кыргызстандык тарабынан жасалган кылмышты айыптап, бул маселени мыйзамдын чегинде караган якутиялыктарга ыраазычылык билдирген.

Эки тарап Кыргызстанда, Якутияда биргеликте иш алып баруу жана мигранттар менен иштөө багытында маалымат алмашуу боюнча макулдашкан.

Мындан кийин Кыргызстандын делегациясы Якутиянын өкмөтү, укук коргоо органдары жана борбор калаасынын администрациясы, ошондой эле кыргыз диаспорасы менен жолугушат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 17-мартында Якутск шаарынын тургуну зордуктоонун курмандыгы болгон. Бул кылмышка шектелип кыргызстандык кармалган.

Ал кылмыш жергиликтүү эл ичинде коомдук резонанс жараткан. Ошол эле күнү Якутск шаарында ал окуяга нааразычылыгын билдирген эл мигранттарга каршы митингге чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий