• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Якутскиде «Кыз-жигит Сармерден – 2017» өттү

Маданият 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Якутскиде Нооруз майрамына арналган «Кыз-жигит Сармерден – 2017» иш-чарасы өттү. Уюштуруучулары Жазбек Бекболиев жетектеген «Ынтымак» кыргыз диаспорасы болгон. Бул тууралуу «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага шаардын Нефертити», «Монтажник», «Столичный рынок» сыяктуу ири ишканаларында, «Гурман” дүкөндөр түйүнүндө жана башка иштерде иштеген мекендештер катышышты. Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чарага Саха Республикасынын (Якутия) жарандык коом институттарын өнүктүрүү министри Сардана Гурьева, ошондой эле мекендештерибиз иштеген ири уюмдардын, ишканалардын жетекчилери катышты.

Сармердендин эң жигердүү катышуучулары Саха Республикасынын жарандык коом институттарын өнүктүрүү министрлигинин жана кыргыз диаспорасынын эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамоталары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий