• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Йакын инкар” уюмунун 300дөн ашуун мүчөсү ИИМдин каттоосунда турат

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. “Йакын инкар” уюмунун 300дөн ашуун мүчөсү Кыргызстандын ички иштер министрлигинин каттоосунда турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Мамбетов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, “Йакын инкар” агымы расмий түрдө тыюу салынган диний уюм деп табылган. Азыркы учурда аталган уюмдун 300дөн ашуун мүчөсү ИИМдин каттоосунда турат.

“Аталган уюмдун мүчөлөрү балдарын мектепке жөнөтпөйт, сыналгы да көрүүгө тыюу салышат. Андын тышкары, балдарын эмдетишпейт", - дейт ал.

Мамбетов кошумчалагандай, жергиликтүү калк арасында башка мамлекеттик органдар менен биргеликте алдын алуу иштери өткөрүлүүдө.

“Профилактикалык ишти комплекстүү түрдө Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзүүдөбүз”, - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий