• 84.79
  • 101.8
  • 1.1

Ян Вэйхун: “Кытай Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошууга ар дайым даяр”

Аналитика 0

Акыркы жылдары, “Кыргызстандын ички инвесторлору жетишсиз, сырттан инвесторлорду тартуу менен мамлекеттин бюджетине салым кошуп, жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк алабыз. Өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн, сырттан келген ишкерлерге биздин жерде иштөөгө ыңгайлуу шарт түзүп берүү заман талабы”-деген ой-пикир кадам сайын айтылып келет. Бирок, тилекке каршы иш жүзүнө келгенде кээ бир учурларда, кайдыгерликтин айынан башкача жыйынтыктар болуп жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт.

Кыргызстанда негизинен инвесторлор жергиликтүү калк менен тил табыша албаган учурлар абдан көп кездешет. Мындай пикир келишпестиктер кээ бир убактарда чуулгандуу окуяга айланып, жеке кызыкчылыгын элдикинен дагы жогору койгон чагымчыл адамдардын айынан карапайым калк менен инвестордун ортосундагы алака бузулуп, кейиштүү окуяларга алып келгендигине күбө болуп жүрөбүз.

Мына ушундай жагымсыз окуя 11-апрель күнү Тогуз-Торо районундагы Макмал кенинин базасында алтын ылгоо фабрикасын куруп жаткан “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКсынын айланасында болду. Ушул окуя жана Кыргыз Өкмөтүнүн көрсөткөн колдоосу тууралуу биздин агенттике “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКсынын негизги инвестору, Кытай Эл Республикасынын ишкери Ян Вэйхун маалымат берип, өз ой-пикири менен бөлүштү.

-Ян мырза, алгач 2018-жылдын 11-апрелинде Казарман жергесинде болуп өткөн окуяга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткарган иш-аракеттерине баа берип кетсеңиз?
-Жалпысынан айтканда, 11-апрель окуясынан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аткарган иш-аракеттери жакшы десем болот. Болуп өткөн жагымсыз окуяны иликтөөдө, изилдөөдө Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан колдоо болуп жатат.
22-май күнү КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов биз менен жолугушуу өткөрдү. Анда 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы биздин фабриканын аймагында болгон өрттөө окуялары тууралуу сөз болду. Чогулушта КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана Кыргызалтын ишканасынын жетекчилигинин катышуусу менен өттү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Айылчиевич дагы өз сөзүндө, КРнын Президентинин жана премьер министринин атынан фабриканы куруу жана анын иштеп кетүүсүнө болгон колдоо сөздөрүн айтып кетти. Ал муну менен катар эле окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, башаламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын баса көрсөттү. Кубатбек Айылчиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет элдик инвесторлорго жана тоо кен иштетүү тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан сырткары, бул жолугушууга чейин КРнын ЖКнын Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевге дагы кайрылуу жасаганбыз. Анда дагы Кожобек мырзанын колдоосу менен депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн биргелешкен чогулушу өткөрүлүп, бардык кемчиликтер талкууга алынган эле.

Бирок, ушул эле убакта мен, бул окуянын иликтөө иштери тезирээк аягына чыгып, фабриканы куруу иштери кайрадан жанданса деп ойлойм. Өзгөчө 11-апрелдин окуясын тымызын, көмүскөдөн уюштургандарга дагы кандайдыр бир чараларды көрсө деген пикиримди айтмакчымын.

Болуп өткөн окуядан кийин, жергиликтүү жашоочулар, балдардын ата-энелери менен жолугушууда: “Күнөөсүз балдар камалып кетти”-деп жатышат. Менин пикиримде, күнөөлүүлөрү мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал эми орто жерден жалаа жабылып, бей-күнөө камалып кеткендери болсо, алар дагы акталып, күнөөсү жок экендиктери далилденүүсү керек. Биз ушундай жагдайларга колдоо көрсөтүп, көмөк көрсөтүүгө даярбыз.

Аткаруучулар гана эмес, буйрук берип, бул ишти тымызын жасаткан адамдар дагы кармалап, жазасын алуусу керек деп ойлойм. Себеби, учурга чейин бул окуяны уюштургандарга каршы чаралар колдонула элек.

Мен КРнын Өкмөтү бизге кандайдыр бир жеңилдиктерди берип, заводдун курулуш иштерин баштоого жана ушул окуяны уюштургандарга тиешелүү жазасын берүүгө көмөкчү болот деп үмүттөнөм. Учурда болсо иликтөөлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатабыз.

-Сиздердин компаниянын Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн улантуусуна ишеним барбы?
-Чындыгын айтканда бул суроого жооп берүү учурда оор. Бир топ тоскоолдуктар болууда. Бирок, кандай гана кыйынчылык болбосун аны жеңүүгө, ортого чыккан маселелерди чечүүгө даярбыз. Эң негизгиси, биздин ишеним-элдин, Өкмөттүн жана парламенттин колдоосуна көз каранды. Эгерде бул тараптардан колдоо жок болсо, анда Кыргыз жергесинде ишмердүүлүгүбүздү улантууга дагы ишеним жок десек болот.
Ишкананын курулушун кайрадан жандандыруу үчүн канча убакыт керек. Бул окуя компанияга канча зыян алып келди жана жалпы чыгымдын саны канча болду?
3-июлда биз Казармандын эли менен жолугушууга даярданып жатабыз. Ал жакта коомдук угуу болуп, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Мындан соң, тиешелүү мекемелер тапшырыла турган документтерди канчалык тез карап, жыйынтыктарын чыгарып беришсе, ошончолук биздин иш дагы ылдамдайт эле.
Эң башкысы экологиялык экспертизанын жыйынтыгы абдан маанилүү. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам, бул жыйынтык кеч чыгып калса, анда биздин иш дагы аксап калышы мүмкүн. Себеби, бардыгыбыз билгендей Тогуз-Торо аймагына кыш октябрь, ноябрь айларында эле келет. Сууктун түшүүсү менен биздин иш дагы убактылуу токтойт.

Тилекке каршы, фабриканын техникалык жабдыктары бузулду, күйүп кетти, колдонууга жарабай калды. Ошондуктан, ишти кайрадан баштоо үчүн Кытайдан жаңы жабдыктарды сатып алууга мажбур болуп отурабыз. Буга дагы убакыт талап кылынат. Ошол үчүн бизге керектүү экспертизанын жыйынтыктары жакынкы күндөрү чыгып, иштерибизди тезинен улантууга мүмкүнчүлүк болуп калат деп үмүттөнүп жатабыз.

Компания жалпысынан алганда биздин бухгалтериябыздын эсеби боюнча 2 млн 300 миң доллар чыгым болду. Учурда мамлекеттик комиссиянын жыйынтык эсебин күтүүдөбүз. Акыркы так санды мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы чыгармакчы. Ошондо дагы кошумча маалымат берилиши мүмкүн.

Мындан сырткары, биздин ишмердүүлүк февраль айында токтотулду. Курулуш иши жүрбөй, азыктар өндүрүлбөгөн себептерден улам айлык чыгашабыз дагы 100 миң долларды түздү. План боюнча фабриканын өндүрүш иши апрель айында башталмак. Биздин иш башталып калса, жыл сайын Кыргыз Республикасынын казынасына 50 миллион сомдун тегерегинде салык төлөп турмакпыз. Ошондуктан, канчалык фабрика эрте ишке киришсе, ошончолук эрте мамлекетке дагы пайдасын алып келмекчи.

-Ишкананын коомдук жоопкерчилиги тууралуу айта кетсеңиз, жергиликтүү элге кандай пайдасы бар?
-Коомдук жоопкерчилик тууралуу айта турган болсок, алгач, жергиликтүү тургундарды жумушчу орундар менен камсыз кылуу шартын айтып кетсек болот. Убагында, фабриканын курулуш иштерине эле 200дөн ашун жергиликтүү калк тартылган. Эгерде биздин иш кайрадан жанданса, кайрадан эле кошумча жумушчу орундар түзүлмөкчү. Себеби, курулуш иштеринин көптөгөн этаптары бүтө элек.
Жергиликтүү тургундарга учурда дагы ар кандай жардам түрүн берип келебиз. Акчага муктаж болгон жаштардын окуусун төлөп, колдоо көрсөттүк. “Спорт ден соолуктун булагы” дегендей спортко кызыгып, машыгууну каалагандар үчүн дагы жардам бердик. Ал эми ден соолугунан жабыр тартып, дарылануу үчүн акчасы жетишпеген айыл тургундарынын дарылануусун төлөп, жергиликтүү калктын саламаттыгына дагы кам көрүп келебиз. Бул гана эмес, үй салып, курулуш материалдарына муктаж айыл тургундарына дагы колдоо көрсөттүк. Мындан сырткары, кээ бир айыл өкмөттөрдүн, жергиликтүү уюмдардын жана аймак тургундарынын жеке өтүнүчтөрүнө жооп берип, бизге болгон ар бир кайрылууга жооп берүүгө аракет кылып келебиз.

Ал эми компания ишке киришип, продукцияны өндүрүү иштери менен алектене баштаганда, эң аз дегенде 80ден 100гө чейин кызматкер иштемекчи. Мындан сырткары, компания жергиликтүү калк арасындагы социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө, багар-көрөөрү жок кары-картаңдарга акчалай жардам көрсөтүүгө даяр. Эгерде компания тынымсыз иштеп, өз ишмердүүлүгүн бир калыпка салып алса, анда жергиликтүү экономиканын өнүгүүсүнө дагы бараандуу салым кошуу иштери каралган.

Муну менен катар, жергиликтүү бийлик менен бирге Тогуз-Торо районуна чакан өндүрүш ишканаларын ачуу дагы пландарыбызда бар. Мындан сырткары, маданият тармагына көңүл буруп, билим берүү системасына дагы өз колдообузду көрсөтүп келебиз. Окуучуларыбыздын, студенттерибиздин татыктуу билим алуусуна жардам берүүдөбүз, бекеринен “келечек жаштардын колунда” деп айтылган эмес да.

Кыргызстандын Өкмөтүнө жана Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган чет элдик инвесторлорго кандай кеңеш жана сунуш берет элеңиз?
Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган инвесторлорго айтаар кеңешим- бул ар бир чет элдик инвестор жергиликтүү калк менен иш алып барууда, ар дайым эл менен тыгыз байланышта болууга аракет кылуусу зарыл. Кандай гана маселе жаралбасын, аны чечүүдө же талкуулоодо эл менен бирге болуп, жолугушууларды өткөрүүсү керек. Компаниянын түшүндүрүү иштеринен баштап, анын курулушу, ачылышы, ишке кирүүсү, өнүгүүсүнө чейин инвестор өзү баш болуп, эл менен бирге болуусу шарт. Башкача айтканда, карапайым элдин көйгөйлөрүн угуп, алар менен бетме-бет сүйлөшүп, кандай жетишпестиктер, эл арасында кандай муктаждыктар бар экендигин билүүсү керек. Элге жакын болуу абзел.
Ал эми КРнын Өкмөтүнө болсо бул - чет элдик инвестицияларды коргоо мыйзамын дагы өнүктүрүүгө аракет кылса деп каалайт элем. Коопсуздук маселеси дагы жакшылап каралса деп ойлойм. Мындан сырткары, элге мыйзам алдында болгон жоопкерчиликти түшүндүрүү иштерин көбөйтүү дагы заман талабы. Мыйзам чегинде иш алып барып, жоопкерчиликти түшүнө билген, тааный билген коомдо гана өнүгүү стабилдүү болот деп эсептейм.

Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын жакынкы коңшусу, чоң мамлекет. Экономикасы менен катар эле технологиясы дагы өнүккөн өлкө. Учурда, Кытай дүйнө мамлекеттерине колдоо көрсөтүүгө, жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, Кыргыз бийлиги дагы кыргызстан элине ушул багытта түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүүгө жардамчы болот деп үмүттөнөм. Ушунун негизинде, Кыргызстандагы инвестициялык климат жакшырса, бардык тарапка тең пайдалуу болооруна ишенем. Кытай Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү үчүн салым кошууга ар дайым даяр.

-Аягында эки мамлекеттин ортосундагы байланыш кырдаалына токтоло кетсеңиз?
-Кыргыз-кытай алакасы жылдан-жылга бекемделип, өнүгүүнүн үстүндө. Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары абдан ийгиликтүү болду. Пекин шаарында эки мамлекет ортосунда Ар тараптуу стратегиялык шериктештик Декларациясы кабыл алынып, кол коюлду. Бул дагы да болсо эки коңшу өлкөнүн бардык тармактардагы кызматташтык алакасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошмокчу.
Кытай менен Кыргызстандын алакасын бекемдөөдө Шанхай кызматташтык уюмунун дагы мааниси зор. Циндао шаарында болуп өткөн, Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити дагы жогорку деңгээлде уюштурулуп, жакшы өттү. Менин угушума караганда, жакында“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулуш иштери башталганы жатат. Бул темир жол курулуп калса дагы бардык тараптарга абдан пайдалуу болмок. Мисалы, темир жол аркылуу Кытай Кыргызстанга керектүү техника жабдыктарын ж.б. товарларды жеткирип турса, Кыргызстан болсо экологиялык таза айыл-чарба продукцияларын Кытайдын рыногуна чыгарууга толук мүмкүнчүлүк алмак.

Менин оюмча, келечекте экономика, соода-сатык, туризм жана маданият тармактарындагы кыргыз-кытай алакасы тереңдеп өнүгүп, эки өлкөнүн достук алакасына өбөлгө болмокчу. Дагы да болсо бул багытта аткарылчу иштер көп, кыргыз-кытай кызматташтык мамилесин бекемдөөдө алгачкы кадамдар ийгиликтүү башталды десем жаңылышпайм.

"Жибек Жолу. Маданий өнүгүү" гезити,

июнь айы, 2018-жыл

Пикир

Оставить комментарий